
Бул маалымат Тышкы иштер министрлигинен алынды.
МИДдин басма сөз кызматы билдиргендей, Екатеринбургдагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигине караштуу чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборун зыярат кылышты.
Зыярат учурунда алар Кыргызстандын жарандары менен жолугушуп, жергиликтүү мыйзамдарды сактоонун маанисин, миграциялык каттоонун тартибин жана сот чечимдерине каршы арыз берүүнүн мүмкүнчүлүгүн түшүндүрүштү.
Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, борбордо 40 кыргызстандык болсо, алардын 15и жакынкы авиарейспен мекенине кайтарылат.
Сүрөт www