
Компаниянын билдирүүсүнө ылайык, "ата-эненин көзөмөлү" функциясын "Семейный центр" бөлүмү аркылуу активдештирген ата-энелер гана мындай маалымдамаларды алышат. 16 жашка чейинки колдонуучулар үчүн, эгер ата-эненин көзөмөлү активдештирилген болсо, аккаунттун маанилүү функцияларын өзгөртүү же өчүрүү ата-энелердин макулдугу менен гана мүмкүн. Ошондой эле, өспүрүмдүн макулдугу менен ата-энелер анын активдүүлүк убактысын контролдой алышат, чектөөлөрдү коюп, айрым жөндөөлөрдү башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Эгер система өспүрүмдүн өзүн-өзү өлтүрүү же өзүнө зыян келтирүү тууралуу маалыматтарды көп издеп жатканын аныктап алса, ата-энелерге билдирүү жөнөтүлөт.
Жаңы функция башында АКШ, Улуу Британия, Австралия жана Канадада сыноодон өткөрүлөт, андан кийин башка өлкөлөргө кеңейтүү мүмкүнчүлүгү каралат.
Бул чечим социалдык тармактарда өспүрүмдөр үчүн чектөөлөрдү киргизүү боюнча ар кандай өлкөлөрдө жүргүзүлгөн талкуулардан кийин актуалдуу болуп калды. Мисалы, Австралияда 16 жашка чейинки балдардын мындай платформаларды пайдаланууга тыюу салынган. Улуу Британияда да ушундай курактык чектөөлөрдү карап чыгуу жүрүп жатат, ал эми Греция жана Словения ушундай чараларды киргизүүнүн мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат. Испаниянын премьер-министри Педро Санчес 16 жашка чейинки балдар үчүн социалдык тармактарга кирүүгө тыюу салуу боюнча даярдык көрүлүп жатканын да билдирген.