Узбекистанда соттолгон аялдарга жогорку окуу жайларына кирүүгө жана алыстан окууга уруксат берилет

Наталья Маркова Дүйнөдө
VK X OK WhatsApp Telegram
Өзбекстанда соттолгон аялдарга жогорку окуу жайларына кирүүгө жана ал жакта дистанциялык билим алууга уруксат берилет

// Turmush
Өзбекстанда учурда жазаларды өтөө мекемелеринде 2589 аял бар, алардын 1239унун орто билим бар, бирок тиешелүү кесипке ээ эмес. Алардын ичинен 443 аял жогорку окуу жайларында билим алууну улантууну каалашкан. Алардын социалдык реабилитациясы үчүн «Янги хаёт» («Жаңы жашоо») программасы ишке ашырылат.

Президент белгилегендей, ар кандай жагдайларда жана көп учурда билбестиктен кылмыш жасаган аялдар да өлкөнүн жарандары. «Биз алардын социалдык реабилитациясы жана коомдун толук кандуу мүчөлөрү болушу үчүн кандайча жардам берүүгө чын жүрөктөн ойлонушубуз керек», - деп кошумчалады ал.

План боюнча, Ички иштер министрлиги Профессионалдык билим берүү агенттиги жана Эмгек министрлиги менен биргеликте соттолгон аялдар үчүн 3төн 6 айга чейин созулган курстарды уюштурат, курсту аяктаган соң сертификаттар берилет.

Мындан тышкары, аларга кириш экзамендерин тапшыруу жана жогорку окуу жайларына кирүү мүмкүнчүлүгү берилет, ошондой эле дистанциялык билим алууга мүмкүнчүлүк болот. Контракттык билим алууну тандагандар үчүн пайызсыз кредит берилет, аны жазаны өтөгөндөн жана жумушка орношкон соң кайтарууга болот, деп билдирди президент.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: