Платформаны түзүү кыргызстандык IT-компания Ulut Soft.kg тарабынан ишке ашырылды жана билим берүү системасын санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик стратегиянын алкагына кирет.
Ustat порталы мугалимдерге ыңгайлуу онлайн форматта квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Платформада төмөнкүлөр жеткиликтүү:
- актуалдуу билим берүү программалары боюнча видеолекциялар жана онлайн-курстар;
- практикалык тапшырмалар жана тесттер;
- электрондук сертификаттарды автоматташтырылган генерациялоо;
- прогрессти мониторингдөө үчүн жеке кабинет системасы;
- жаңы курстар жөнүндө билдирүүлөр;
- окуу материалдарына жана методикалык сунуштарга жеткиликтүүлүк.
Учурда 9 миңден ашык мугалим платформада катталып, жаңы үлгүдөгү электрондук сертификаттарды алып, билим алууну башташты.
Жалпысынан, Кыргызстандагы мектептерде болжол менен 94 миң педагог иштеп жатат.