
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жоопкерчиликке байланыштуу атайын статья бар. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукка каршы профилактика бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев Биринчи радиодо билдирген.
Анын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук эки негизги түргө бөлүнөт: психологиялык жана физикалык. Мындай укук бузуулар үчүн күнөөлүүлөр 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланышы мүмкүн.
Мындан тышкары, укук бузуулар кодексинде тиешелүү нормалар бекитилген. Атап айтканда, 70, 71 жана 72-статьяларда зыяндын оор эмес болгон учурларда таасир чаралары аныкталган:
70-статьяга ылайык, эгерде укук бузуулар ден соолукка олуттуу зыян келтирбесе, сот 3төн 7 күнгө чейин камакка алуу же 40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу жазасын белгилей алат.
71-статьяга ылайык, убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузуу, анын ичинде бир айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун кайталанган учурлары 7ден 14 күнгө чейин камакка алуу жазасын алып келет.
Ички иштер министрлиги административдик жана кылмыш-жаза чаралары аялдар менен балдарды коргоого, ошондой эле зомбулук актыларынын кайталанышына жол бербөөгө багытталгандыгын белгилейт.