
Бишкек мэриясы курулуш компанияларынын жашылдандыруу нормаларын сактоонун маанилүүлүгүн кайрадан эскертет. Бул маалымат муниципалитеттин маалымат кызматы тарабынан айтылды.
Маалыматка ылайык, аталган нормаларды сактабаган учурда, жолдорго кир жарат жана топурак чыгарылып кетиши мүмкүн, бул жол кыймылынын коопсуздугуна жана шаардык инфраструктуранын жалпы абалына терс таасир этет.
2024-жылдын 29-августунда Бишкек шаардык кеңеши тарабынан 150 номер менен бекитилген шаарды жашылдандыруу эрежелеринин 172-пунктуна ылайык, курулуш аянтчалары автотранспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрүн жуу үчүн пункттар менен жабдылышы керек. Дөңгөлөктөрдү тазалоо милдеттүү талап болуп саналат», — деп айтылат расмий билдирүүдө.



Мэрия ошондой эле муниципалдык инспекцияга курулуш объектилериндеги ушул нормаларды сактоону үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, бузгандарга чара көрүүнү тапшырды.
Курулуш компанияларына төмөнкү талаптар коюлат:
- курулуш аянтчаларынан чыгып жаткан бардык унаалар үчүн дөңгөлөктөрдү жуу пункттарын орнотууну жана иштетүүнү камсыз кылуу;
- курулуш аянтчаларынан топурак жана кир жаратты чыгарууну алдын алуу;
- курулуш объектинен 15 метр радиусундагы аймакты убагында тазалап туруу.
Белгиленген талаптарды сактабаган учурда, муниципалдык инспекция бузгандарга Кыргыз Республикасынын күчүндө болгон мыйзамдарга ылайык чара көрүүгө мажбур болот.


Бишкекте тазалыкты жана тартипти сактоо — бул борбордун аймагында иш алып барган бардык уюмдар жана ишканалардын түздөн-түз жоопкерчилиги, менчик формасына карабастан.