Эргешов белгилегендей, ижара шарттарына ылайык, ижарачылар майып адамдар үчүн токтотуучу жайларды камсыз кылууга милдеттүү, бирок бул милдеттемелер аткарылбай жатат.
Базарларда адамдар көп учурда бош орун таба албай, кетүүгө мажбур болушат. Бул маселени катуу көзөмөлгө алуу керек.
Казыбек Эргешов
«Шаардык жол-транспорт инфратүзүмү» өкүлдөрү 2026-жылы токтотуучу жайлардын санын көбөйтүү пландалып жатканын билдиришти. Жаңы долбоорлордо майыптар үчүн орундар милдеттүү түрдө каралат, бул абалды кыйла жакшыртат.
2025-жылы токтотуучу жайлардан жана автостоянкалардан түшкөн кирешелер Бишкектин бюджетине 82,8 миллион сомду түзгөнүн белгилеп өтүү керек.