
Кыргызстанда бир фазалуу абоненттер менен түзүлгөн келишимдер электр энергиясын 5 кВт чегинде пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Бул маалыматты «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААКнын коммерциялык маселелер боюнча орун басары Улабек Дуйшо уулу «Элден Собол» программасында билдирди.
Келишимдерде эртең менен жана кечинде энергияны пайдалануунун чектелген сааттары да көрсөтүлгөн.
- 1-апрелден октябрь айына чейин: максималдуу мөөнөт 5 саат.
- 1-октябрдан апрель айына чейин: максималдуу мөөнөт 6 саат.
«“Акылдуу” эсептегичтер орнотулгандан кийин маалыматтар система аркылуу өткөрүлөт. Чектөөлөр кечинде 18:00дөн 21:00гө чейин жана эртең менен 07:00дөн 09:00гө чейин күчүндө болот. Эгер биз 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтсөк, апрель айында кубаттын лимиттерин (киловатт менен) кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдиребиз», - деп кошумчалады Улабек Дуйшо уулу.
Учурда «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААКсы өлкө боюнча болжол менен 1 миллион 653 миң абонентке кызмат көрсөтүп жатат.