Туберкулездун алдын алуу методдорун жакшыртуу боюнча СНГ өлкөлөрүнүн адистери талкуулашты
Онлайн форматында өткөрүлгөн жыйында, СНГ өлкөлөрүнүн адистери, анын ичинде Азербайжан, Армения, Беларусь, Казахстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан, 2027-жылдан 2030-жылга чейин туберкулездун жайылышын алдын алуу боюнча биргелешкен аракеттер планынын кайра иштелип чыккан долбоорун талкуулашты. Бул документтин негизин туберкулез боюнча учурдагы эпидемиологиялык абалдын анализи жана 2030-жылга чейин Содружествонун өлкөлөрүндөгү өзгөрүүлөрдүн болжолу түзөт.