Көчмөндөр оюндары - Кыргызстан үчүн «Манас» 1000 жылдыгын белгилөөдөн кийинки экинчи маанилүү окуя, - дейт Э.Токтогонов
Чолпон-Ата, 10-сентябрь /Аман Алымбеков - Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - Кыргызстандагы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөдөн кийинки экинчи маанилүү окуя. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинин кабарчысына эрежесиз мушташ жана валетудо федерациясынын президенти Эмил Токтогонов билдирди. Анын айтымында, мындай иш-чараларга ар дайым ар түрдүү өлкөлөрдөн балбандар же батырлар чакырылат. «Булардын бардыгы улуттук рухту бекемдеп, биримдик жана ынтымак үчүн стимул берет», - деп белгиледи ал.