Министрлик Италиянын Romualdo Del Bianco фонду менен эл аралык кызматташтыктын келечегин талкуулады
2014-жылдын 4-сентябрында италиялык «Romualdo Del Bianco» фондунун негиздөөчүсү жана башкармалыгынын мүчөсү Коррина дель Биянко Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин статс-секретары Акимбек Текешовго маданият жана туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандумду тапшырды.