Тимурдун Могулистандагы жеңиштери
Тимурдун аскерлери Могулистанды басып алуу Кара-Гучурдагы тыныгуудан кийин Тимур түндүккө 30 миң жоокер жиберди, аларды Енгеторы, Камар ад-Дин жана башка аскер башчылары жетектешти. «Алар буйрук боюнча жөнөп, күн-түн аттарды чапкылап, Иртыш дарыясына жетишти. (Ал жерде) аскерлердин жарымы дарыянын бул тарабында, экинчи жарымы — ошол тарабында жайгашып, дарыянын жээги менен душмандарды издөөгө жөнөштү. Алар кайсы бир жерге жеткенде, аралдарда же аралдарда эмес, душмандар качып жашырынган