Енисейден Тянь-Шаньга кыргыздардын көчүрүлүшү боюнча талаштар
Кыргыздар Тянь-Шанда кантип пайда болушкан? Сибирь жана Орто Азиядагы түрк тилдүү элдердин оозеки элдик чыгармачылыгы, дини жана коомдук түзүлүшүн изилдөөдө академик В. В. Радлов өзгөчө орунду ээлейт, анын ишмердүүлүгү дүйнөлүк түркологиянын тарыхында бир доорду түзгөн (Кононов, 1972. Б. 103). Ал кыргыздардын тарыхы жана алардын урууларынан турган курамы тууралуу өз көз караштарын «Кыргыздар жөнүндө» (Radloff, 1863) деген макаласында баяндаган. Алтайлыктар менен кыргыздардын этнонимдеринин