
Бишкектеги Россия илим жана маданият борборунда 6-мартта «Уруш жылдарындагы аялдар» фото көргөзмөсүнүн ачылышы болот. Бул тууралуу 5-мартта Россиянын КРдагы өкүлчүлүгү маалымдады.
Уюштуруучулардын билдирүүсүнө ылайык, көргөзмө 8-марттагы Эл аралык аялдар күнүнө арналган.
Көргөзмөдө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы аялдардын жашоосун жана алардын улуу Жеңишке кошкон салымын баяндаган 100дөн ашык сүрөт көрсөтүлөт.
Уюштуруучу - Россиянын КРдагы элчилиги жана Россиянын КРдагы өкүлчүлүгү.