
2014-жылдын 9-октябры күнү саат 15:00дө Бишкектеги Россиянын илим жана маданият борборунда «Башталгычтар үчүн кыргыз тили» окуу китебинин тааныштырылышы өтөт. Бул китеп орус тилинде сүйлөгөн жогорку окуу жайларынын жана орто атайын окуу жайларынын студенттерине арналган.
Окуу китебинин автору – Элеонора Мамытова, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун улук окутуучусу. В.В. Маяковский атындагы Кыргыз аялдар педагогикалык институтун артыкчылык менен аяктаган Э. Мамытова Москвадагы А.С. Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институтунда стажировкадан өткөн, Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин жогорку билим берүү маселелери боюнча илимий изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. Илимий жана практикалык иштерде чоң тажрыйба топтоп, Э. Мамытова аны бул пособиеге жыйнаган.
«Башталгычтар үчүн кыргыз тили» окуу курсу заманбап методикалык талаптарга ылайык иштелип чыккан жана кыргыз тилин өз алдынча үйрөнүү үчүн да, окуу процессинде да колдонууга болот. Ж. Баласагын атындагы КНУда окуу китебинин ийгиликтүү сыноосу анын жогорку окутуу мүмкүнчүлүктөрүн тастыктады.
Окуу китеби Россиянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, Кыргызстандын полиграфисттер жана китеп чыгарган адамдар гильдиясынын, «Аркус» басмаканасынын колдоосу менен жарык көрдү.
Орус тилдүү аудитория үчүн кыргыз тили боюнча жаңы муундагы окуу китебинин жарык көрүшү – бирдиктүү евразиялык маданий-билим берүү мейкиндигин түзүү жолундагы маанилүү кадам.
Бардык кызыктырган суроолор боюнча (+996 312) 300-512, 300-543 телефондоруна же [email protected] электрондук почтасына кайрылыңыз.
Эзил: time.kg