Фильм «Дарак ыры» Россиядагы кинофестивалдын Гран-приин жеңип алды

Фильм «Дарак ыры» завоевал Гран-при кинофестифаля в России

Кыргызстандык фильм мусульман кинофестивалында мыкты болду


30-апрелде Россиянын Самара шаарында «Кино — детям» аттуу он бешинчи кинофестивалдын жыйынтыктары чыгарылды. Бул фестиваль жыл сайын Казанда өткөрүлөт. Гран-при, башкача айтканда, кинофестивалдын негизги сыйлыгы, Кыргызстандагы биринчи мюзикл деп эсептелген «Дарак Ыры» фильмина берилди. Фильмди режиссер Айбек Дайырбеков тарткан.

Конкурс программасына Россия, Түштүк Корея, Эстония, АКШ, Бангладеш, Норвегия, Германия, Финляндия жана Ирандан келген 16 фильм катышты.

Бул фильм жаш режиссердун кино дебюту болуп саналат, ал буга чейин болгону клиптер жана кыска метраждуу фильмдер тарткан. «Дарак Ыры» үчүн белгилүү кыргыз акыны Бактыгуль Чотурова тарабынан 17 ыр жазылган. Фильмдин окуясы кыргыз Ала-Тоо тоолорунда өтүп, Бегимай жана Эсендин сүйүү тарыхын баяндайт. Окуянын негизинде 18-кылымда болгон чыныгы окуялар алынган.

Фильм кыргыз тилинде Кыргызстандык «Централ Азия Фильм» жана орус «Cinetrain» компаниялары тарабынан тартылган.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent