
Иш-чаралардын максаты Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык байланыштарды бекемдөө, ошондой эле экономикасынын негизги тармактарында бизнес кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат.
Америка тараптан катышкан уюмдар катары АКШ жана Кыргызстан бизнес кеңеши, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү финансылык корпорациясы (DFC), Невада университети (Рино), Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык билим берүү боюнча кеңештери, ошондой эле GE Healthcare, Pfizer, Abbott, Nasdaq, StoneX, Cove Kaz Capital Group, Mooney Group, Equion Group, All American Rail Group, Pangea-Global LLC жана TETHYS: Trans-Eurasian Gateway сыяктуу эл аралык компанияларды белгилеп кетүүгө болот.
Жолугушууларда инвестициялар, инфраструктураны өнүктүрүү, ден соолук, билим берүү, транспорт жана логистика, ошондой эле финансылык рыноктор жана инновациялык технологияларды киргизүү сыяктуу кызматташтыктын негизги тармактары талкууланат. Кыргызстанда инвестициялык, инфраструктуралык, технологиялык жана социалдык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулат.
Экинчи күндүн жыйынтыгы менен, 2026-жылдын 3-февралында, инвестициялык өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө жана америкалык өнөктөштөр менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган бир катар меморандумдарга кол коюлушу күтүлүүдө.