
Энергетика министрлиги Нарын облусу үчүн пландарын жарыялады
2026-жылы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзгөн реформалардын алкагында Нарын облусунда 21 трансформатор алмаштырылып, 6 жаңы жабдык орнотулушу күтүлүүдө.
Трансформаторлордун алмаштырылышы төмөнкү райондордо жүргүзүлөт: Ак-Тал (1), Ат-Башы (3), Кочкор (7), Нарын (7) жана Тогуз-Торо (3). Мындан тышкары, жаңы трансформаторлор Ат-Башы (1), Жумгаль (2) жана Нарын (3) райондорунда орнотулат.
Капиталдык жана учурдагы оңдоп-түзөө программасынын алкагында 2 015 трансформаторду жаңылоону пландаштырган.
Эскерте кетсек, 2025-жылы Нарын электр тармактары ишканасы 83 трансформаторду алмаштырып, орнотуп, региондун жалпы электр кубатын 39 217 кВАга көбөйтүүгө жетишкен.
Сүрөт www