
Регулятордун маалыматтарына ылайык, 2025-жылга карата соода жана кызмат көрсөтүү мекемелеринде 114,1 миң QR-код орнотулган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 95,3% га көбөйгөн.
Жыл ичинде негизги оператор 525,1 миллион транзакция жүргүзүп, жалпы суммасы 908,6 миллиард сомду түзгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу операциялардын саны 8 эсе, көлөмү 10 эсе өскөндүгүн көрсөтөт.

Кыргызстан Борбордук Азияда ар кандай төлөм системаларын улуттук QR-код стандарттарынын негизинде интеграциялоону ишке ашырган жалгыз өлкө болуп калууда. ELQR системасына 20 коммерциялык банк жана 14 төлөм уюму катышууда.
Улуттук банк 2025-жылы ишке ашырылган чаралар заманбап акчасыз инфраструктураны түзүү боюнча маанилүү кадам болуп, тез төлөм системасын өнүктүрүү үчүн негиз салганын белгиледи. Бул тармактагы иштер улантылат.