
Италия тарап Кыргыз Республикасына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгуусун билдирип, диалогду улантууга жана бизнес мамилелерин күчөтүүгө даярдыгын растады.
Кеңешүүлөрдүн жүрүшүндө агенттик өлкөдөгү инвестициялык климаттын абалы, учурдагы реформалар, инвесторлор үчүн мамлекеттик колдоо чаралары жана инвестиция үчүн приоритеттүү секторлор тууралуу маалымат берди.
Тараптар ошондой эле кызматташтыктын келечектеги багыттарын жана биргелешкен демилгелерди тереңирээк изилдөө үчүн кошумча консультациялар өткөрүүнү макулдашты.
Даярдаган: Елизавета Близнюк