
Жыйында кыргыз экономикасына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле Boston Consulting Group, Citibank, Societe Generale жана EY сыяктуу ири компаниялардын кызыгуусу талкууланды. Негизги көңүл британ инвестицияларынын курулуш материалдарын өндүрүү жана климаттык инициативалардагы ийгиликтүү мисалдарына бурулду. Катышуучулар ошондой эле критикалык минералдарды казып алуу, банк секторун өнүктүрүү жана кыргызстандык компанияларды Лондон аркылуу эл аралык фонддук рынокторго чыгаруу боюнча кызматташуу багыттарын карашты.
IT, агроөнөржай жана логистика секторлорунун өкүлдөрү регионго болгон кызыгуунун өсүп жатканын белгилешти. Кеңештин тең төрагасы Аскар Сыдыковдун айтымында, Кыргызстанда азыркы учурда өнөр жай жана билим берүү тармагында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда. Жыйынды бизнес байланыштарды активдештирүү жана Бишкек менен Лондон ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө үчүн жаңы бизнес-инициативаларды баштоо зарылдыгы боюнча макулдашуу менен жыйынтыкталды.