
Улуттук банк кылмыштуулук жана акча жуу менен күрөшүү боюнча жаңы чараларды киргизүүдө.
Кыргыз Республикасында коммерциялык банктарда орус рублдары менен операцияларга көзөмөл күчөтүлүүдө. Бул Улуттук банктын кабыл алган акыркы токтомуна байланыштуу мүмкүн болду.
Банк жетекчилигинин чечимине ылайык, финансылык мекемелер чет өлкөлүк валюталар менен, өзгөчө орус банкноттору менен транзакцияларга көзөмөлдү күчөтүшү керек. Бул кылмыштуу аракеттерди каржылоого жана мыйзамсыз алынган каражаттарды жууга каршы мыйзамдарды натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл.
Эми коммерциялык банктар күн сайын Улуттук банкка 5 миллион рублдан ашкан суммада орус рублдары менен операцияларды жүргүзгөн кардарлар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү. Бул маалымат отчеттук күндөн кийинки 11 саатка чейин берилүүгө тийиш.
Бул токтомдун аткарылышына жоопкерчилик ар бир коммерциялык банктын башкармалыгына жүктөлөт.
Берилген маалымат, ошондой эле, кардардын — физикалык жана юридикалык жактардын, резиденттердин жана резидент эместердин — бардык эсептериндеги операциялардын толук тарыхын камтышы керек, анын ичинде мөөнөттүү, эсептешүү жана учурдагы эсептер, ошондой эле рублдарды алмаштыруу операциялары (эсеп ачуу менен же жок).
Бул токтом 2023-жылдын 1-мартында күчүнө кирди жана 2027-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот.
сүрөт www