
Министр жергиликтүү калк менен байланыштын маанисине көңүл бурду. Эрлист Акунбеков сунуштар жана пикирлер журналы менен таанышып, аграрийлердин кайрылууларында көп кездешкен суроолорду талдады. Борбордун жамааты менен жолугушууда ал мекеме фермерлерге реалдуу пайда алып келиши керектигин, алардын күнүмдүк милдеттерин жеңилдетиши керектигин белгиледи.
Сапарынын жыйынтыгы боюнча министр бардык келген кайрылууларды ыкчам карап чыгуу жана кызматты жакшыртуу үчүн жаңы механизмдерди киргизүү боюнча көрсөтмө берди. Ал агрардык секторду өнүктүрүү өндүрүүчүлөр менен активдүү кызматташпастан жана алардын демилгелерин эске албастан мүмкүн эместигин баса белгиледи.