Кыргызстандык товарлор Өзбекстандын рыногуна чыгууда

Юлия Воробьева Экономика
VK X OK WhatsApp Telegram
12-мартта Өзбекстандын борбору Ташкентте $500 миң суммасында экспорттук контрактка кол коюлду. Бул келишим кыргызстандык ОсОО «Алайку Органикс» компаниясы менен узбекстандык ОсОО Alaiku фирмасынын ортосунда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин соода өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен түзүлгөн.

Бул келишимдер эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелерин бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Соода өкүлчүлүгү мурда узбек рыногунда компаниянын продукциясын илгерилетүү боюнча кеңири иштерди жүргүзгөн. Бул иштердин алкагында РУзда юридикалык жакты каттоодо жардам көрсөтүлгөн, жергиликтүү рынокту талдоо жүргүзүлгөн, ошондой эле керектүү склад жайларын издөөгө жардам берилген жана узбек мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча кеңештер берилген.

Мындан тышкары, кыргыз продукциясын жеткирүү боюнча Өзбекстандын ири супермаркеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулган.

Келечекте Соода өкүлчүлүгү эл аралык рыноктордо жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча өз ишин улантып, экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөгө көмөктөшөт.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: