
Бишкек мэриясы менен талкуу учурунда долбоорду ишке ашыруу жана аэропорт аймагындагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселелери каралды.
Долбоор боюнча жаңы авто жолдун узундугу болжол менен 1,6 километрди түзөт. Ал Бишкек - "Манас" аэропорту жолунун түштүк тарабынан өтүп, Мраморное айылына бурулуучу участокто ыңгайлуу чыгып кетүү үчүн айланма жол түзүлөт.


Учурдагы жол "Манас-2" аэровокзалына кирүү жана расмий делегацияларды тейлөө үчүн гана колдонулат.

Азыркы учурда "Манас" аэропортунун аэровокзал комплексин кеңейтүү боюнча чоң реконструкция жүрүп жатат, анын алкагында аэровокзалдын аянты 20 миң чарчы метрге көбөйтүлөт.
Мындан тышкары, 650 орундуу жаңы жабык токтотуучу жай курулууда, ал терминал менен заманбап аба өтмөгү аркылуу байланыштырылар, бул жылдын каалаган мезгилинде жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуу жана коопсуз кыймылын камсыз кылат.