
2026-жылдын 11-февралынан тартып Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу милдеттүү болуп калат, деп билдирет Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы.
Навигациялык пломбаларды киргизүү этап-этабы менен жүргүзүлөт. Алгачкы этапта алардын колдонулушу милдеттүү болот:
– алкоголь продукциялары;
– тамеки буюмдары;
– ЕАЭБ өлкөлөрүндө атайын экономикалык чараларга кирген товарлар.
Кыргыз Республикасында навигациялык пломбалар төмөнкү жерлерде орнотулат:
- автомобиль ташууларында — Кыргызстандын Казакстан менен чек арасындагы өткөрмө пункттарына жакын жайгашкан эсепке алуу пункттарында (Чалдыбар, Ак-Жол, Ак-Тилек, Чон-Капка, Каркыра);
- темир жол ташууларында — вагондорду жүктөө жүргүзүлгөн станцияларда (Бишкек-1, Аламедин, Рыбачье, Кара-Балта, Каинды, Беловодская, Шопоково, Кант жана Токмак).
Навигациялык пломбаларды алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- автомобиль ташууларында — кабыл алуучунун аймагында;
- темир жол ташууларында — жүктөп жаткан станцияларда.
Ташуучулар, жиберүүчүлөр жана экспедиторлор пломбаны орнотуудан 6 саат мурун Мамлекеттик салык кызматына электрондук почта аркылуу керектүү маалыматтарды жөнөтүшү керек: [email protected].
Навигациялык пломбаларга жүктөлүүчү маалыматтар жана тышкы экономикалык ишмердик катышуучуларынын Мамлекеттик салык кызматы жана улуттук оператор менен өз ара аракеттенүү тартиби тууралуу маалымат Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтында «Билим базасы» бөлүмүндө — «ЕАЭБ алкагында навигациялык пломбалар» деп аталган бөлүмдө жайгаштырылган: sti.gov.kg.
Тышкы экономикалык ишмердик катышуучулары берилген маалыматтын тактыгы жана аны фактически ташылып жаткан товарларга туура келүүсү үчүн жоопкерчилик тартарын эске алуу керек.
Кызматтардын акысы жана тарифтери боюнча улуттук операторго — «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКсына расмий сайтта жайгаштырылган байланыш маалыматтары аркылуу кайрылуу керек: gti.kg.
Суроолор менен Мамлекеттик салык кызматынын колл-борборуна 116 номери же 0 (312) 62-21-07 телефону аркылуу кайрылса болот.
Бул жаңы талаптар Евразия экономикалык комиссиясынын чечими жана навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча ЕАЭБ келишими негизинде киргизилет.