Президенттик шайлоо качан өтөт. Конституциялык сот акыркы жообун берди.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту президенттик шайлоолордун мөөнөттөрү боюнча маанилүү суроого так жооп берди, Конституциянын нормаларын түшүндүрдү. 2026-жылдын 17-февралында, жогорку конституциялык орган президенттин 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган жаңы редакциядагы Конституциянын 67, 68 жана 72-беренелерин түшүндүрүү боюнча суроосун карап, шайлоолордун мөөнөттөрү боюнча жыйынтыкка келди. Бул түшүндүрүү 2010-жылдагы Конституциянын нормаларын жана 2021-жылдын 11-апрелинде