
Өткөн жумада Бишкекте интимдик кызматтарды көрсөтүүнү аныктоо жана жоюу үчүн «Притон» акциясы өттү. Бул тууралуу борбордун Ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Оперативдик иш-чаралардын жыйынтыгында интимдик ишмердүүлүк менен алектенген 70тен ашык адам кармалып, профилактикалык иштер жана түшүндүрүү үчүн ички иштер органдарына жеткирилди.
Рейд учурунда КРнын укук бузуулар кодексинин 109²-беренеси «Жезөкшөлүк менен алектенүү» боюнча 30дан ашык административдик протокол түзүлдү. Ар бир укук бузуучуга 20 000 сом айып пул салынды, бул жалпы 600 000 сомго жакын суммага жетти.
Бул ишмердүүлүктү көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар уланууда экенин белгилеп өтүү керек.
Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгы жергиликтүү тургундарды жана борбордун конокторун Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого, мыйзамсыз ишмердүүлүккө тартуудан качууга жана укук коргоо органдарына ар кандай укук бузуулар жөнүндө билдирүүгө чакырат. Жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу – укук коргоо органдарынын жана жалпы коомдун эң маанилүү милдети.