2026-жылдын 1-январынан баштап мугалимдердин жана мектеп кызматкерлеринин негизги эмгек акысы 50 пайызга жогорулайт.
Бул өзгөртүүлөр мугалимдерди да камтыйт, бул тууралуу Монголиянын Министрлер Кабинетинин берген маалыматында айтылат.
Мамлекеттик сарайда өткөн өкмөттүн жыйынында илим, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагындагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча зарыл чаралар тууралуу токтом кабыл алынды.
Бул токтомдо 2026-жылдын 1-январынан баштап билим берүү тармагындагы мугалимдердин жана мамлекеттик кызматкерлердин негизги эмгек акысы 50 пайызга жогорулаары көрсөтүлгөн.
Билим берүү системасында 93 500дөн ашык мугалимдер жана кызматкерлер эмгектенет экенин белгилөө маанилүү.
булак: MiddleAsianNews