Бүгүн Бишкекте Борбордук Азиялык киберюридикалык форум башталды.
Иш-чаранын катышуучуларынын арасында Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялар министри Азамат Жамангулов, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Башкы прокуратуранын өкүлү, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов, ошондой эле юристтер, стартаперлер жана башка кызыкдар тараптар бар.
Форумдун негизги максаттары:
- Цифрландыруу шартында укук системасындагы трансформациялар тууралуу бүтүн түшүнүк түзүү.
- Практикадагы юристтер, судьялар, изилдөөчүлөр жана укук системасынын башка катышуучуларынын туш болгон маанилүү чакырыктарды талкуулоо.
- Жаңы технологиялар жана цифрдык жаңычылыктарды укуктук жөнгө салуу жолдорун табуу.
- Цифрдык укукту өзүнчө билим жана юридикалык илим катары өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
- Мыйзам чыгаруу жана анын колдонулушун жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.