Уркундан кийинки окуяларга негизделген тарых
27-декабрдан баштап жаңы сериал мамлекеттик телеканалдардын биринде жана онлайн-кинотеатр «Этномедиа» аркылуу жеткиликтүү болот, деп билдиришти Маданият министрлигинин басма сөз кызматы.
«Сюжет Кыргызстандын тарыхындагы эң кыйын доорлордун бирин — 1917–1924-жылдарды камтыйт, Уркундан кийинки кыргыз элдин тагдыры, улуттук көз карандысыздык үчүн күрөш жана ошол убактагы саясий өзгөрүүлөр жөнүндө баяндайт. Окуя 16 жаштагы Жусуп Абдрахмановдун тегерегинде өнүгөт жана Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков жана Абдыкерим Сыдыков сыяктуу чыныгы тарыхый фигураларды камтыйт», — деп айтылат пресс-релизде.

Сюжеттин борборунда — Түркстан автономиясынын кулашы, Кокандагы трагедиялуу окуялар, ички конфликттер жана совет бийлигинин репрессиялары. Сериалдын негизги темалары — улуттук биримдик, адилеттүүлүк жана эркиндикке умтулуу.
Проект «АРНА» продакшн-студиясы тарабынан мамлекеттик мекеме «Кыргызсериал»дын колдоосу менен түзүлгөн. Биринчи сезон төрт сериядан турат. Режиссеру — Суйун Откеев, ал эми башкы продюсери — Женишгүл Озбекова.
«Кара-Кыргыз» сериалы аудиторияга тарыхтын негизги учурларын жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына таасир эткен тагдыр чечүүчү окуяларды эскертип берүүгө багытталган.
