
17 жана 18-январда Кыргызстанда судьялар үчүн контролдук тесттер өттү. Түштүк региондордун судьялары үчүн тестирлөө Ош шаарында, ал эми түндүк судьялары үчүн Бишкекте өттү. Иш-чарага 136 судья жана алардын жардамчылары катышты.
Судьялардын физикалык формасы FIFA жана АФК тарабынан бекитилген жана эл аралык аренада кеңири колдонулган YO-YO фитнес-тестинин жардамы менен бааланды. FIFAнын стандарттарына ылайык, негизги судьялар үчүн нормалар 18,4 деңгээлде, ал эми жардамчылар үчүн – 17,6 деңгээлде белгиленген.
YO-YO тести судьялардын чыдамкайлыгын, жогорку интенсивдеги жүктөмдөргө туруштук берүү жөндөмүн жана матчтарга жалпы даярдыгын объективдүү өлчөөгө мүмкүндүк берет. Бул тестирлөөнүн жыйынтыктары келечектеги мелдештер жана окуу-даярдык жыйналыштары үчүн судьялардын тизмелерин түзүүдө, ошондой эле алардын физикалык даярдыгын сезон бою көзөмөлдөөдө эске алынат.
Тесттердин жыйынтыгы боюнча судьялардын учурдагы физикалык абалы тууралуу маалымат базасы түзүлүп, келечектеги окуу-даярдык иш-чараларга катышуу үчүн талапкерлердин тизмеси даярдалды.