«Менин шаарым» тиркемесинде суу өчүрүүлөрү тууралуу ыкчам маалымдоо системасы ишке киргизилди
Жаңыланган «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде, муниципалдык ишканасы «Цифрдык технологиялар борбору» тарабынан иштелип чыккан, пайдаланучуларды пландалган жана авариялык суу камсыздоонун токтотулушу тууралуу оперативдүү маалымдоо үчүн жаңы функция ишке киргизилди. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, эми тургундар ыңгайлуу форматта түздөн-түз өз түзмөктөрүнө билдирүүлөрдү ала алышат.