
Документ Саламаттык сактоо министринин орун басары Маткеримов Айбек Тураталиевич жана фонддун өкүлү Антон Арский тарабынан кол коюлду.
Бул келишимдин натыйжасында дарыгерлер, медайымдар жана башка саламаттык сактоо кызматкерлерине атайын карталар берилет жана алар «Евразия» дүкөндөрүндө биринчи керектелүүчү товарларды арзандатылган баада сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат.
«Социалдык дүкөндөр – Евразия» долбоору ар кандай категориядагы жарандарга жардам берүү үчүн түзүлгөн. Учурда Бишкекте беш социалдык дүкөн иштеп жатат, анда жергиликтүү тургундар негизги азыктарды жана товарларды жеткиликтүү баада сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат. Мурда бул система пенсионерлерге, майып адамдарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, ошондой эле студенттерге жана мугалимдерге жеткиликтүү болгон. Саламаттык сактоо министрлиги менен меморандумга кол коюу долбоордун колдоосун кеңейтүү боюнча маанилүү кадам болду.
Фонддун өкүлү Антон Арский медициналык кызматкерлерди программага киргизүү чечими алардын коомдогу маанилүү ролу менен шартталганын белгиледи.
«Медициналык кызматкерлер жарандардын ден соолугу үчүн кам көрүп, өмүр үчүн маанилүү миссияны аткарат. Биз дарыгерлерди жана саламаттык сактоо адистерин колдоону зарыл деп эсептейбиз», - деди Арский.
«Евразия Кей Джи» социалдык дүкөндөрү мамлекеттик мекемелер жана уюмдар менен кызматташтыкта иштеп жаткан социалдык муктаждыктарга багытталган долбоорду билдирет. Бул демилге «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтык меморандумунун алкагында ишке ашырылууда, ал муктаждар үчүн биринчи керектелүүчү товарларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган.
Бишкекте учурда беш социалдык дүкөн иштейт:
ул. Токтогула, 146/1 мкр. Асанбай, 8/3 ул. Акматбека Суюмбаева, 17 / ул. Московская, 7 ул. Манаса, 97 ул. Юнусалиева, 159
Маалымат:
АНО «Евразия» - бул эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана салттуу баалуулуктарды сактоо, ултаралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруучу автономдуу коммерциялык эмес уюм. «Евразия» социалдык маанидеги демилгелерди колдойт, ар түрдүү маданияттагы адамдардын өз ара аракеттенишине жардам берет, ошондой эле билим берүү, медицина жана жаштар алмашуу тармактарында долбоорлорду өнүктүрөт. Анын багыттарынын арасында мектеп окуучуларына, студенттерге жана жаш адистерге жардам берүү, анын ичинде билим берүү программалары, ири мамлекеттик мекемелерде стажировкалар жана медиашкола бар. Мындан тышкары, «Евразия» долбоору мугалимдер үчүн кесиптик платформаларды жана форумдарды камтыйт, журналисттерге жана блогерлерге гранттарды берет жана тарыхты жана маданиятты сактоого багытталган долбоорлорду колдойт.