Кыргызстан жана Россия 2025-жылга отун жеткирүү планын оңдошту
Кыргызстандын Энергетика министрлиги Россиянын өкүлдөрү менен ушул жылга бажсыз мунай продуктуларын жеткирүүнүн индикативдик балансын кайра карап чыгуу боюнча жетишилген макулдашуу тууралуу билдирүү жасады. Ведомствонун маалыматына ылайык, дизель отунунун жеткирүү көлөмү өлкөнүн муктаждыктарына ылайык көбөйтүлдү, ал эми башка мунай продуктулары мурдагы деңгээлде калды.