

Бразилияда, Белем шаарында, 2025-жылдын 10-ноябрында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 30-Конференциясы (КЛ-30) башталды. Ага 190 өлкөдөн 50 миңден ашык делегат катышууда.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, делегацияны өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов жана президенттин тоо региондору боюнча атайын өкүлү Д.Кемелова жетектеп, КЛ-30дун ачылыш аземине катышты.
Кыргыз Республикасынын делегациясы климаттык сүйлөшүүлөрдө тоо региондорунун жашоочуларынын кызыкчылыктарын активдүү коргоону пландаштырууда, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн климаттын өзгөрүшүнө сезгич тоо экосистемаларына бурат.
КЛ-30дун төрагасы жана башка катышуучулар менен интенсивдүү консультациялардын натыйжасында, кыргыз тарап конференциянын алкагында тоо күн тартибин талкуулоо үчүн көп тараптуу консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишти. Бул консультацияларда климаттын өзгөрүшүнө ылайыктоону жана тоо коомчулуктарын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралар талкууланат.
Конференция учурунда кыргыз делегациясы БУУнун РКИК аткаруучу директору Саймон Стил менен жолугуп, тоо региондорунун климаттык финансированиеге жеткиликтүүлүгү боюнча негизги маселелерди талкуулашты.
Мындан тышкары, делегация Бишкекте Тоо райондорунун глобалдык туруктуулук борборун түзүү боюнча демилгени сунуштады. Кийинки күндөрдө кыргыз делегациясы конференциянын алкагында тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча активдүү ишин улантат.