Миррахимов Мирсаид Мирхамидович

Миррахимов Мирсаид Мирхамидович
Медицина боюнча илимдердин доктуру, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Россиянын медицина илимдер академиясынын жана Нью-Йорк академиясынын чыныгы мүчөсү, илим жана техника жаатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын (1978,1984) жана СССРдин (1981) лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын ардактуу дарыгери.
1927-жылы төрөлгөн. 1948-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган.
Белгилүү клиницист-илимпоз, клиникалык физиолог, педагог. Жогорку тоолордун кардиологиясы боюнча жаңы илим багытынын негиздөөчүсү, ушул тармакта мектептин негиздөөчүсү. Ал ички оорулар бөлүмдөрүнүн, мисалы, ревматология, нефрология, пульмонология сыяктуу тармактардын өнүгүшүнө чоң салым кошту. Ал республикада кардиология кызматын түзүү жана жакшыртуу боюнча демилгечи болуп, жүрөк ооруларынан өлүм-житимди 15%га төмөндөтүүгө таасир этти. Ал негиздеген жана жетектеген Улуттук кардиология жана терапия борбору жыл сайын 10 миңден ашык ооруну дарылоочу күчтүү окуу жана илимий-практикалык комплекс болуп калды. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Улуттук кардиология жана терапия борборуна академик Миррахимов М.М.нын ысымы ыйгарылган (2004).
Анын ысымы “Ким ким?” эл аралык медициналык справочнигине, “Интеллектуалдар арасында ким?” справочнигине киргизилген, XX кылымдын “Жылдын адамы” деп тандалган, Американын Биографиялык институту тарабынан “2000-жылдын адамы” деп таанылган. Ал “Почет Белги” ордени, Октябрь революциясы ордени, Ленин ордени, Элдер достугу ордени, Н.Пирогов ордени, Манас I, 3-дептер, Чазов атындагы медаль, “Манас-100”, Мустафа Кемаль Ататүрктүн фонду тарабынан берилген алтын медаль менен сыйланган. 2001-жылы АКШнын маданият боюнча Конвенциясы тарабынан Нобель сыйлыгы берилген, И.К.Ахунбаев атындагы академиялык сыйлык (2006).
2001-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “XX кылымдагы илимий жетишкендиктери үчүн” Ардак алтын медалына ээ болгон.
Жалпы 700дөн ашык илимий эмгектер жарыяланган, анын ичинде 23 монография, 500дөн ашык илимий макала, 19 ойлоп табуу автору.
Негизги ойлоп табуулары:
1. Инфекциялык-аллергиялык бронхиалдык астма менен ооругандарды дарылоонун ыкмасы. Автордук күбөлүк № 1228862,1986.
2. Подагралык артритти диагностикалоонун ыкмасы. Автордук күбөлүк № 12714^5,1986.
3. Жүрөк жетишсиздигинин жашыруун формасын остеокард инфарктын ооругандарда диагностикалоонун ыкмасы. Автордук күбөлүк № 1297795,1987.
4. Остекард инфарктын алдындагы жүрөк жетишсиздигин болжолдоонун ыкмасы. Автордук күбөлүк № 1671271, 1991.
5. Тромбинемияларды диагностикалоонун ыкмасы. Кыргыз Республикасынын алдын ала патенти № 220,1998.
6. Гипертониялык ооруларда жүрөктү кайра моделдөө ыкмасы. Кыргыз Республикасынын патенти № 667,2004.