Могулистан шаарлары
Могулистан шаарлары Монголдордун чабуулу алдында азыркы Кыргызстан жана Семиречье аймагында ар кандай өлчөмдөгү көптөгөн шаарлар болгон. Алардын эң ири шаарлары Тараз, Баласагун, Алмалык, Каялык жана Илибалык болуп эсептелинет. Чагатай хандары жана Хайду бийлиги учурунда бул шаарлар жашап турган, бирок акырындык менен мурдагы экономикалык жана саясий маанисин жоготуп башташкан.