Ахунбаев Медер Исаевич (1946-1999)
Ахунбаев Медер Исаевич (1946-1999), медициналык илимдердин доктору (1995). Кыргыз. Фрунзе шаарында төрөлгөн. КГМИнин медициналык факультетин (1970) жана СССР АМНинин жүрөк-кан тамыр хирургиясы институтунун аспирантурасын (1974) аяктаган. КГМИнин жалпы хирургия кафедрасында ассистент, КСЭнин улук илимий редактору, Фрунзе шаарындагы №1 поликлиникада врач, РКБда врач-ординатор, Бишкек шаарындагы шаардык эндокринология диспансеринин «Диабеттик бут» кабинетинин башчысы болуп иштеген. Кан тамыр