Е. Д. Поливановдун өкүмү жана реабилитациясы
Августта Институтта жаңы тазалоо толкуну болду: контрреволюциялык улутчул Тыныстановдун жардамчысы катары киргиз-орус сөздүгү менен иштеген X. Карасаев жумуштан бошотулду, Ян-Шан-Син өндүрүштүк иштерден бошотулду, жакында түрколог И. Батманов да жумуштан алынды. Е. Д. Поливанов Ташкентке алып кетилди. Бул жерде 1938-жылдын 25-апрелинде СССР Жогорку Сотунун аскер коллегиясынын выездная сессиясы аны жогорку жазага тартты. Ушул окумуштуу 47 жашында атып өлтүрүлдү. Алты айдан кийин, Улуу Октябрь