
Каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов Николай Фай менен жолугушту
Каржы министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан берилген маалыматка ылайык, жолугушуунун негизги максаты Франциянын Кыргыз Республикасынын негизги долбоорлорунда, анын ичинде бизнес жана каржы инструменттери тармагында потенциалдуу катышуусун талкуулоо болгон.
Талкуулоо учурунда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Инфраструктуранын өнүгүшүнө негизги көңүл бурулду, бул өз ара аракеттенүүнүн негизги багыты болуп саналат. Француз делегациясы тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болгон компанияларды тааныштырды жана Франциянын каржылык катышуусун көбөйтүү үчүн мүмкүн болгон механизмдерди билдиришти», — деп айтылат билдирүүдө.
Каржы министрлиги француз өнөктөштөрдүн катышуусунда ири долбоорлорду каржылоону караууга даярдыгын жана аталган инициативаларды ишке ашырууда алардын ролун тактоонун зарылдыгын белгиледи.
Сүрөт www