
Маалыматка ылайык, кызматташтык өлкөнүн суу жана жер ресурстарын башкарууда заманбап корей технологияларын киргизүүгө багытталат. Бул өнөктөштүк алкагында ирригациялык системаларды модернизациялоо, регионалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана жогорку технологиялуу «акылдуу айылдарды» ишке киргизүү боюнча долбоорлор пландалууда.
Бул келишим чет элдик инвестицияларды жана финансирлөөнү «Расмий өнүгүүгө жардам берүү» (ODA) программасы алкагында тартуу үчүн юридикалык негиздерди түзөт. Мындан тышкары, бул өнөктөштүк Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын максаттарына жооп берет, ал цифрлаштыруу жана айыл чарбасында технологиялык өзгөрүүлөрдү камтыйт, деп белгиленген билдирүүдө.