
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынан алтын, күмүш жана башка кымбат баалуу металлдардан жасалган, баштапкы документтери жок импорттолгон же өндүрүлгөн зергердик буюмдардын калдыктарын легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу эскертишет. Бул чара ишкерлерди жоопкерчиликтен жана салык агентинин милдеттенмелеринен бошотууга мүмкүндүк берет.
Ведомствонун өкүлдөрүнүн айтымында, бул демилге зергердик буюмдар рыногун тартипке келтирүүгө, бизнес үчүн көбүрөөк ачык шарттарды түзүүгө жана адал салык төлөчүлөргө административдик жүктөмдү азайтууга багытталган.
Легалдаштыруу процессинин алкагында буюмдарды сынап көрүү жана маркалоо үчүн төмөндөтүлгөн сынак жыйымдары иштейт. Ошентип, алтын, платина жана палладийден жасалган, ошондой эле колдонулган буюмдардын жыйымы 10 сомду түзөт. Күмүш буюмдар үчүн бул сумма 8 сомго барабар.
Жоопкерчиликтен бошотуу мүмкүнчүлүгүн пайдалануу үчүн, 2026-жылдын 1-мартына чейин электрондук эсеп-фактуралар системасында электрондук документти түзүү керек.
Муну үчүн салык төлөчү системага кирип, "Сатып алуу" бөлүмүн жана ДПБУ подразделин тандап, андан кийин "Кошуу" баскычын басып, кымбат баалуу зергердик буюмдар тууралуу маалымат киргизүү опциясын тандоосу керек. Негизги реквизиттер автоматтык түрдө түзүлөт, жана документтин товардык бөлүгүн гана толтуруу талап кылынат.
Салык кызматы электрондук документ өзгөртүүгө жатпарын жана жараксыз деп эсептелбесин баса белгилейт, ошондуктан бардык маалыматтарды так жана катасыз киргизүү зарыл.