Департамент тарабынан сунушталган пландалган чыгымдар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- 1 миллиард 204 миллион сом коомдук транспорт үчүн субсидияларга;
- 69 миллион 430 миң сом 401 кесилиште светофорлорду тейлөө үчүн;
- 4 миллиард 585 миллион сом жаңы жолдор жана көпүрөлөр куруу үчүн;
- 83 миллион 289 миң сом — кызматкерлердин эмгек акысы фонду.
Бейшенбаевдин айтымында, бул каражаттар борбордун транспорттук системасынын эффективдүү иштешин камсыз кылуу, инфратүзүмдү модернизациялоо жана шаардык транспорттун ишенимдүү пайдаланылышын камсыздоо үчүн зарыл.