
2023-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров ОсОО "Стилекс" заводун инвестициялык демилгелердин аткарылышын текшерүү үчүн барып келди. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы маалымдады.
Ведомствонун маалыматына ылайык, ишкана жаңы өндүрүш линиясынын курулушун ийгиликтүү аяктап, алюминий профилдери жана куюу продукциясын чыгарууга багытталган өндүрүштү ишке киргизди. Проекттин биринчи этабына болжол менен 15 миллион доллар инвестиция тартылды.
“Стилекс” заводунун өндүрүш кубаттуулугу жылына 1 400дөн 1 500 тоннага чейин алюминий куюу жана 1 000ден 1 300 тоннага чейин алюминий продукциясын чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Завод чийки затты даярдоодон баштап, даяр продукцияны чыгарууга чейин толук өндүрүш циклин камсыздайт.
Визит учурунда Равшанбек Сабиров заводдун инфраструктурасы, ошондой эле инвестициялык долбоордун аткарылышынын этаптары жана ишкананын өндүрүш кубаттуулуктары менен таанышып чыкты.
Долбоор 10 800 чарчы метр аянтка ээ өндүрүш комплекси түзүүнү камтыйт, ага куюу жана пресс цехтери, боёо линиясы, чийки зат жана даяр продукция үчүн кампалар, ошондой эле сапатты контролдоо лабораториясы жана логистикалык аянтчалары бар административдик-тиричилик корпусу кирет.
Улуттук инвестиция агенттиги долбоорго мамлекеттик колдоо көрсөтүлгөнүн, анын ичинде өкмөттүн №503 токтомуна ылайык, импорттолгон жабдыктар үчүн салык жеңилдиктери берилгенин белгиледи.
Равшанбек Сабиров бул инвестициялык долбоордун натыйжалары байкала баштаганын баса белгиледи. Ишкана өндүрүштү ийгиликтүү баштап, кубаттуулуктарын активдүү жогорулатып жатат. Мындай долбоорлор Кыргызстандагы өнөр жайды өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн заманбап индустриалдык секторун калыптандырууга жардам берет.
Келечекте компания долбоордун экинчи этапын ишке киргизүүнү пландаштырууда, бул кошумча өндүрүш линиясынын ачылышын камтыйт. Бул өндүрүш көлөмүн жогорулатууга, ассортиментти ар түрдүүлөштүрүүгө жана заводуң экспорттук потенциалын бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Улуттук инвестиция агенттиги аталган долбоорго жана анын мындан аркы өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүнү улантат.