
Транспорт жана байланыш министрлиги, быйылкы жылдын апрель айында Арашан — Чункурчак автожолун асфальттоо иштери жүргүзүлөрүн жарыялады.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолду кеңейтүү жана негизин даярдоо боюнча иштер 0дөн 22 километрге чейинки бөлүктө аяктаган. Проекттин каржылануы мамлекеттик капиталдык салымдар менен жүргүзүлөт.
2025-жылы бул трассада суу өткөргүч түтүктөр орнотулуп, эки көпүрөнүн реконструкциясы жүргүзүлгөнүн белгилеп өтүү керек.
Арашан — Чункурчак жолу тоо лыжа базасына жана эс алуу зоналарына алып бараткан маанилүү туристтик маршрут болуп саналат. Министрликтин өкүлдөрүнүн айтымында, бул трассанын модернизациясы жол кыймылынын коопсуздугун кыйла жогорулатат жана туристтер үчүн шарттарды жакшыртат.