КППдагы текшерүүлөр. Минводсельпром кызматкерлеринин инспекторлоруна бодикамерлер берилет
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги чек ара көзөмөл пункттарында ветеринардык, фитосанитардык, жер жана суу кызматтарынын инспекторлорун бодикамерлер менен камсыздоону баштады. Министрликте бул жаңы өзгөртүүнүн негизги максаты — жергиликтүү жерде иш-аракеттердин ачыктыгын жана мыйзамдуулугун жакшыртуу, кызматкерлердин дисциплинасын жана жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле жарандардын жана адал бизнесмендердин укуктарын коргоо экенин белгилешет.