Учурда парламент Дамирбек Осмоновду саламаттыкты сактоо министри кызматында дайындоо маселесин талкуулап жатат.
Кубанычбеков ошондой эле түрк адистери тарабынан иштелип чыккан долбоор үчүнчү этапта токтоп калганын белгиледи. «Эгерде система киргизилсе, бул коррупциялык практикаларды жоюуга жана дары-дармекти белгиленген жерине жеткирүүгө жардам бермек», - деп кошумчалады ал.
- Дары-дармекти көзөмөлдөө системасын киргизүү боюнча даярдык процесси 2018-жылы башталган. 2023-жылдын мартында биринчи этап башталды. Соңку маалыматтарга ылайык, көзөмөлдөө системасына 1955 дарыкана жана 227 медициналык мекеме катышууда.
- Декабрь айында Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылдын январь айынын аягына чейин Кыргызстанда дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө системасын киргизүү иштери аяктай турганын билдирди.