ДДУ өз кайрылуусунда, уюм "АКШны каралап, булгап" жана оскорбилегендиги тууралуу америкалык өкмөттүн сөздөрүн эске алганын белгиледи.Бирок, ДДУнун пикири боюнча, "чындыгында баары тескери". Уюм АКШ менен жана башка мүчө мамлекеттер менен адилеттүү кызматташууга дайыма умтулуп келгенин, алардын суверенитетин урматтап келгенин билдирет.
АКШнын ДДУдан кетишинин себептеринин арасында COVID-19 пандемиясы учурунда "уюмдун катачылыктары" жана "маалыматтарды убагында жана так алмашууга тоскоолдук кылуу" аталат. Бул боюнча ДДУ жооп берип, дүйнөлүк коомчулук менен маалымат бөлүшүп, өлкөлөргө кеңеш берип, тез арада аракет кылганын билдирет.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ошондой эле беткаптарды, вакциналарды жана физикалык аралыкты колдонуу боюнча сунуштарды бергенин, бирок милдеттүү чараларды сунуштаган эмес, чечимдерди суверенитетке ээ өкмөттөргө калтырганын тактады.
Мындан тышкары, АКШ ДДУ саясий күн тартибин карманганын билдирген, бирок ДДУ жооп катары, 194 мүчө мамлекеттен турган БУУнун адистештирилген мекемеси катары, дайыма бейтарап болуп, бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргоп келгенин баса белгиледи.
ДДУ ошондой эле саламаттыкты сактоо боюнча актуалдуу маселелерди чечүүдө кызматташып жаткан өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.
Акырында, ДДУ өткөн жылы мүчө мамлекеттер пандемияларга байланыштуу келишимди кабыл алганын, ал ратификацияланган соң келечектеги пандемиялардан коргонуу үчүн эл аралык укуктун маанилүү инструменти болоорун эске салды.
Башкы беттеги сүрөт: ДДУ / П. Вирот.