
28-февралда кечинде астрономдор уникалдуу асман окуясын болжолдошууда — алты планеттин катышуусунда өтүүчү планеталар парады, бул тууралуу Еuronews маалымат берет.
Бул эффект, Жерди кошкондо, бардык планеталардын орбиталары болжол менен бир тегиздикте жайгашкандыгынын натыйжасында пайда болот, бул тегиздик эклиптика деп аталат. Чындыгында, планеталар асманда идеалдуу сызыкта жайгашпайт, бирок "парад" учурунда алар бир сектордо топтолуп, Жердеги байкоочуларга бир сызыкта көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Парад Меркурий, Венера, Юпитер, Сатурн, Уран жана Нептундан турат. Бул астрономиялык көрүнүштү окуянын өзүндө гана эмес, 28-февралдан бир-эки күн мурун жана кийин да көрүүгө болот.
Көрүү үчүн эң оптималдуу убакыт — күн батканга 30 мүнөттөн бир саатка чейин, эң жакшысы батышка карап караса болот.
Төрт планета: Меркурий, Венера, Юпитер жана Сатурн көзгө көрүнгөн абалда болот.
Венера кечки асманда өзүнүн жаркырашы менен айырмаланат. Юпитер да байкалып турат, ал Венерадан бир аз жогору жана түштүк-чыгышта жайгашат, ал эми Сатурн азыраак жаркырайт жана горизонтко жакын болот. Меркурий болсо, калган планеталарга салыштырмалуу, байкоо үчүн эң кыйын болот, анткени аны күн баткан соң кыска убакытка гана көрүүгө болот.
Уран жана Нептунду бул катарда табуу үчүн телескоп же жок дегенде бинокль талап кылынат.
Бул жылы астрономиялык окуялар бул парад менен чектелбейт: 18-апрелде Меркурий, Марс, Сатурн жана Нептундун катышуусунда кичинекей таңкы парад өтөт, 12-июнда Меркурий, Венера жана Юпитердин катышуусунда мини-парад болот, дагы бир ири таңкы парад 12-августта, анда Меркурий, Марс, Юпитер, Сатурн жана Нептун болот, андан кийин, 14-ноябрда, таңкы убакта Меркурий, Венера, Марс жана Юпитер бир сызыкка жайгашат.